Эрдоганды Кытайда Си салтанаттуу азем менен тосуп алды

Делегациялар аралык жолугушуунун алдында кыскача сөз сүйлөгөн Эрдоган, өзүнө жана делегациясына көрсөтүлгөн меймандостук үчүн Си жана кытай элине ыраматын айтты.

1228912
Эрдоганды Кытайда Си салтанаттуу азем менен тосуп алды
erdogan cin6.jpg
erdogan cin5.jpg
erdogan cin3.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Жапониядагы жолугушууларын бүткөрүп Кытайдын борбор шаары Пекинге барды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин тарабынан Улуу элдик залда салтанаттуу азем менен тосулду.

Аземден кийин жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуулар өттү.

Делегациялар аралык жолугушуунун алдында кыскача сөз сүйлөгөн Эрдоган, өзүнө жана делегациясына көрсөтүлгөн меймандостук үчүн Си жана кытай элине ыраматын айтты.

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен акыркы жылдарда тез-тез жолугушуп, кеңешүүлөрдү өткөргөндөрүн түшүндүргөн Эрдоган, Түркия-Кытай карым-катнаштарын бардык тармакта узун мөөнөттүү түшүнүк жана стратегиялык көз караш менен күчтөндүрүү жаатында макулдашкандарын айтты.

Миңдеген жылдык карым-катнаштарга ээ болгон, Жибек жолу менен бири-бирине туташкан байыркы цивилизациялардын негизинде курулган Түркия-Кытай кызматташтыгынын күчтөндүрүлүшү үчүн потенциалдын чоң экендигине ишенгенин белгилеген Эрдоган: « Бир кытай саясаты Түркия үчүн стратегиялык мааниге ээ. Кытайга сапарым бул ирет глобалдык тынчтык жана ырааттуулукка карай сыноолор арткан мезгилде ишке ашууда. Түркия-Кытай карым-катнаштарынын күчтөндүрүлүшү, аймактык жана глобалдык тынчтыкка чоң жана өзгөчө салым кошот»,-деди.

Жолугушууга тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, казына жана финансы министри Берат Албайрак, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, соода министри Рухсар Пекжан, транспорт жана инфраструктура министри Жахит Турхан, улуттук чалгындо уюумунун төрагасы Хакан Фидан, коргонуу өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир, Президенттиктин коммуникация боюнча төрагасы Фахреттин Алтун менен президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын катышты.

Эрдоган Си тарабынан урматына бериле турган кечки тамакка катышат.



Тектеш кабарлар