Эрдоган:«Түркия жана Кытай бирдей көз карашты бөлүшүүдө»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кытай Эл Республикасына расмий сапарынан мурда бул өлкөдө англис тилинде чыккан «Глобал Таймс» жана кытайча чыккан «Хуанцю Шибао» гезиттери үчүн макала жазды, маалымат агенттиги Синхуага болсо маек куруп берди.

1228713
Эрдоган:«Түркия жана Кытай бирдей көз карашты бөлүшүүдө»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия жана Кытайдын бирдей көз карашты бөлүшкөнүн айтты.

Эрдоган, Кытай Эл Республикасына расмий сапарынан мурда бул өлкөдө англис тилинде чыккан «Глобал Таймс» жана кытайча чыккан «Хуанцю Шибао» гезиттери үчүн макала жазды, маалымат агенттиги Синхуага болсо маек куруп берди.

Президент Эрдоган, макаласында Түркия-Кытай алакаларынын маанисин баса белгилеп, жаңы дүйнө системасы пайда боло баштаган ушул мезгилде Түркия жана Кытайга чоң жоопкерчиликтер жүктөлгөнүн белгиледи.

Эрдоган: «Түркия катары дүйнөлүк тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулуктун корголушу, көп тараптуулуктун шыктандырылышы жана эркин сооданын улантылышы сыяктуу тармактарда Кытай менен бирдей көз карашты бөлүшүүдөбүз»,-деди.

Түркия жана Кытайдын батыштык өлкөлөргө караганда кеч өнүгө баштаганына басым жасаган Эрдоган, эки өлкөнүн тең пайда болгон өнүгүүдөгү айырмачылыкты 21-кылымда жоюуну максаттаганына көңүл бурду.

Эрдоган, Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен биргелеше белгилешкен «1 миллион кытайлык турист» максатына карай жүргүзүлгөн иштердин эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды илгериге алып бара турганын белгиледи.

Кытайдын маалымат агенттиги Синхуага да маек куруп берген президент Эрдоган, Кытайдын «Бир муун, бир жол» демилгесине алгачкылардан болуп колдоо көрсөткөн өлкө Түркия болгонун белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн тең салмактуу түрдө арттырылышы темасында макулдашкандарын айтты.

Кытайлык ишкерлерди Түркияга инвестиция салууга чакырган Эрдоган, түрк товарларынын кытай базарында ордун табышына ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги жолугушууларды бардык тармакта жандуу кармоого аракет кылгандарын айтты.

Президент Эрдоган: «Кытайлык досторубуз менен бул жолугушууларды, кеңешүүлөрдү тыгыздаштырган сайын, карым-катнаштарыбыздын саясий, соода, маданий бардык тармактарынын өнүккөнүнө бардыгыбыз бирге күбө боло турганыбызга ишенүүдөмүн. Глобалдык базарларда белгисиздик арткан учурдагы климатта алдыга чыккан оюнчулар катары Кытай жана Түркиянын байланышты арттырууларынын жүргүзүлө турган эң туура жол болгонун ойлоодомун»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, жолугушуулары убагында эки тараптуу карым-катнаштар менен катар аймактык жана эл аралык темалардын да кеңешиле турганын маалымдады.



Тектеш кабарлар