Түркия Ливиядагы Халифе Хафтер күчтөрүн эскертти

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Хафтер күчтөрүн эскерткен билдирүү жарыялады.

1227577
Түркия Ливиядагы Халифе Хафтер күчтөрүн эскертти

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, Хафтер күчтөрү тарабынан кармалып кеткен Түрк жарандарынын дароо кое берилиши талап кылынды.

Жарыяда, «Ливияда Хафтерге караштуу мыйзамсыз согушкер күчтөр тарабынан 6 жараныбыздын кармалып кетиши бандачылык жана каракчылык мүнөзүндөгү кыймыл болуп саналат. Атуулдарыбыздын эркин кое берилишин күтүүдөбүз. Андай болбосо Хафтер элементтери мыйзамдуу бутага айланат»,делди.


Этикеткалар: #Хафтер

Тектеш кабарлар