Президент Р. Т. Эрдоган япон Nikkei гезитине интервью берди

Эрдоган Трамптын июль айында Түркияга сапар менен келерин эске салды.

1226168
Президент Р. Т. Эрдоган япон  Nikkei гезитине интервью берди

Президент Р. Т. Эрдоган Япониянын Осака шаарында өткөрүлө турган Чоң жыйырмалар саммитинде АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүсүнүн эки тараптуу карым  - катнаштардагы маселелердин ашылышы үчүн маанилүү экендигин белгиледи.

Эрдоган япон  Nikkei гезитине берген интервьюсунда Трамп менен өткөрө турган жолугушуу тууралуу маалымат берди  жана : «Бул жолугушуу арабыздагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү»,- деди. Эрдоган Трамптын июль айында Түркияга сапар менен келерин эске салды.

Түркиянын коопсуздук муктаждыктарынын негизинде С  - 400 абадан коргоо системасынын алынышына чечим чыгарылгандыгын белгилеген Эрдоган : «Саммитте урматтуу Трамп менен маселе тууралуу кенен сүйлөшөбүз»,- деди.

Ф  - 35 долбооруна да токтолгон президент АКШ башкаруусун эскертти : «Биз, долбоордун ошол эле учурда өндүрүүчү өнөктөшүбүз. Бизди чыгаруу сыяктуу жаңылыш аракет кылына турган болсо муну эл аралык арбитраждык сотко алып барабыз»,- деди.

Түркиянын НАТОдон алыстагандыгы тууралуу айтылгандарга да жооп берген президент Эрдоган : «Түркия НАТО ичинде маанилүү актер. Бирок 21 -  кылымда өлкөлөрдүн карым  - катнаштарын аз сандаган өлкө менен чектөөсү чынчылдык эмес»,- деди.

Тышкы саясатта түрдүүлүккө көңүлдөрдү бурган Эрдоган Түркия  - Орусия менен карым  - катнаштарынын эч бир өлкө жана уюмга каршы эмес экендигин баса белгилеп : «Түркия Европа  - ТрансАтлантика союздаштыгынын бир өнөктөшү»,- деди. Эрдоган Япония менен экономикалык карым  - катнаштарга да токтолду.

Эки өлкөнүн ортосунда экономикалык өнөктөштүк келишимине кол коюнун Түркиянын экономикалык тармактагы алдыңкылыктарынан экендигин белгилеген президент Эрдоган энергетика тармагындагы кызматташуусун өнүктүрүүгө да маани беришкендерин белгиледи.

 

 

 



Тектеш кабарлар