Түркия өзүнүн жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укуктарынан баш тартпайт

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик,партиясынын Борбордук башкаруу кеңешинин жыйналышында каралган темалар тууралуу билдирүү жасады.

1225394
Түркия өзүнүн жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укуктарынан баш тартпайт

 

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик, Түркиянын өзүнүн жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укуктарынан баш тартпай турганын белгилеп өттү.

Өмер Челик, партиясынын Борбордук башкаруу кеңешинин жыйналышында каралган темалар тууралуу билдирүү жасады.

Грециянын премьер-министри Алексис Ципрастын Чыгыш Жер Ортолук деңиз темасында Түркия тууралуу жаңылыш мамиледе болгонун белгилеген Челик: « (Ципрас) Түркия жана Европа Биримдигин кагылыштырууга ааркет кылууда. «Түркия бургулоосун баштагандан тартып оор беделдерди төлөйт» сыяктуу негизсиз сөздөрдү айтуудан баш тартышы керек. Урматтуу Президентибизге карата урмат-сыйлуу болушу керек. Грециянын премьер-министри Түркияны коркутуу тилинен баш тартышы керек. Түркия коркутууларга моюн сунбайт. Түркия өз укуктарынан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укуктарынан баш тартпайт»,-деп айтты.

Сириядагы адамзат абалына көңүл бурган Челик: «Идлибде Асад режими ачык түрдө ок атпоону бузууда. 300 миң киши жерлеринен ажырады. Орусияга ачык мамилебизди билдиребиз. Ар кимди режимдин бузууларына каршы кайдыгер калбоого чакырабыз»,-деди.

2018-жылы 2-октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы Башкы консулдугунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн судиялык журналист Жамал Кашыкчы (Хашогги) кылмышына да токтлгон Челик: « БУУнун Кашыкчы отчетунун обьективдүү түрдө даярдалганын көрүүдөбүз, отчеттун толугуна кошулабыз. Отчет, Президентибиздин ортого салган эрктин ишке ашырылышы түшүнүгүн берет. Отчет, Түркия Республикасынан кечирим суралышы керектигин ортого салды. Бул кылмыш жаап жашырылбашы керек»,-деп айтты.

Орусиядан келе турган С-400 абадан коргонуу системасынын кайда жайгаштырыла турганы темасына да баа берген Челик, мунун Түрк куралдуу күчтөрүнүн иштеринин алкагында боло турганын айтты.



Тектеш кабарлар