Түркия Эфиопиядагы козголоң кыймылын айыптады

Эфиопиянын башкы штаб төрагасынын  Аддис Абабада учураган кол салууда каза болушунан терең санааркоолордун болгондугу билдирилген маалыматта дос Эфиопия калкы жана өкмөтүнө көңүл айтылды.

1224059
Түркия Эфиопиядагы козголоң кыймылын айыптады

Түркия Эфиопиянын Амхара аймак өкмөтүнө каршы жасалган жана Амхара өкмөт башчысы менен жогорку деңгээлдеги жетекчилеринин каза болушуна жол ачкан козголоң кыймылын катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Эфиопиянын Амхара аймак өкмөтүнө каршы жасалган жана Амхара өкмөт башчысы менен жогорку деңгээлдеги жетекчилердин каза болушуна жол ачкан козголоң кыймылын катуу айыптайбыз»,- деп билдирилди.

Эфиопиянын башкы штаб төрагасынын  Аддис Абабада учураган кол салууда каза болушунан терең санааркоолордун болгондугу билдирилген маалыматта дос Эфиопия калкы жана өкмөтүнө көңүл айтылды.

Маалыматта : «Түркиянын шайлоо менен ишин баштаган өкмөттөрдүн мыйзам тышы жолдор менен алмаштырылышына карата кыймылдарга каршы экендигин кайталап, бул сокку кыймылына карата Эфиопияга күчтүү колдоо беребиз»,- деп билдирилди.

Эфиопия премьер- министрлик офиси тарабынан өлкөнүн түндүгүндөгү Амхара аймагында кечээ кечки сааттарда куралдуу бир группанын сокку кыймылы менен өкмөттү кулатууга аракет кылгандыгы жана кыймылдын бастырылгандыгы билдирилген.

Козголоң кыймылында башкы штабдын төрагасы Сеаре Меконнен жана Амхара аймагынын башкаруучусу Амбачев Меконнендин өлтүрүлгөндүгү билдирилген.



Тектеш кабарлар