Эрдоган Имамоглун куттуктады

Эрдоган, социалдык медиа каражаты Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө, расмий эмес жыйынтыктарга караганда Стамбулдун мэрлигин жеңип алган Имамоглун куттуктады.

1223933
Эрдоган Имамоглун куттуктады

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АКП) төрагасы жана президент Режеп Таййип Эрдоган, Стамбул мэрин кайра шайлоо жыйынтыктарынын Стамбул үчүн пайдалуу болушун тилеп, расмий эмес жыйынтыктарга караганда шайлоону жеңген Экрем Имамоглун куттуктады.

Эрдоган, социалдык медиа каражаты Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө, расмий эмес жыйынтыктарга караганда Стамбулдун мэрлигин жеңип алган Имамоглун куттуктады.

Президент Эрдоган: «Стамбул мэрин кайра шайлоо жыйынтыктарынын Стамбул үчүн пайдалуу болушун тилейм. Улуттук эрк бүгүн дагы бир жолу тастыкталды. Расмий эмес жыйынтыктарга караганда Стамбулдун мэрлигин жеңип алган Имамоглун куттуктайм»,-деди.

Мындан мурда болгону сыяктуу алдыдагы процессте да демократиядан, укуктун үстөмдүгүнөн, өлкөнүн тынчтык, өнүгүү жана ырааттуулугунан эч качан баш тартпаган «Жумхур» өнөктөштүгүнүн принциптеринин алкагында, биримдик жана ынтымактын ичинде 2023-жыл максаттарын көздөй багыт ала тургандарын баса белгилеген Эрдоган: «Бул айдын акырында боло турган Чоң жыйырмалыктын саммити, Кытайга сапар жана андан соң Түштүк Европа жана Балкан саммити баш болгон Түркиянын алдында турган бардык ички жана тышкы маселелерге улуттук кызыкчылыктын негзинде кылдаттык менен карообузду улантабыз»,-деп жазды.


Этикеткалар: #Имамоглу , #шайлоо , #Эрдоган

Тектеш кабарлар