Түркия менен Косованын ортосунда саламаттык сактоо боюнча кыймыл планына кол коюлду

Косова менен Түркиянын саламаттык сактоо министрликтери эки өлкөнүн ортосунда кызматташууну өнүктүрүү үчүн кыймыл планына кол коюшту.

1222347
Түркия менен Косованын ортосунда  саламаттык сактоо боюнча кыймыл планына кол коюлду

 Косова менен Түркиянын саламаттык сактоо министрликтери эки өлкөнүн ортосунда кызматташууну өнүктүрүү үчүн кыймыл планына кол коюшту.

Косованын борбор шаары Приштинедеги саламаттык сактоо министрлигинин имаратында өткөрүлгөн кол коюу аземине саламаттык сактоо министринин орун басары Эмине Алп Меше менен Косова саламаттык сактоо министри Уран Исмаили катышты.

Меше бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркия менен Косованын ортосунда 2009 -  жылдан бери саламаттык сактоо тармагында кызматташуу келишиминин бар экендигин эске салып, келишимдин негизинде ушул күнгө чейин 800дөн ашуун оорулуунун Түркиядагы министрликке караштуу ооруканаларда дарылангандыгын айтты. Меше косовалык саламаттык сактоо кызматкеринин Түркиядагы  билим алуусуна карата иштердин да улантылып жаткандыгын белгиледи.

Косова саламаттык сактоо министрлигинин кеңешичиси Наим Бардики да өлкөсүнүн 2009 -  жылы кол коюлган саламаттык сактоо тармагында кызматташуу келишиминен пайдалангандыгын баса белгилеп : «Кыймыл планынын ачкыч жерлеринин бирөөсү да Косовадагы саламаттык сактоо мекемелеринин акредитациясы үчүн улуттук пландын даярдалышы болот»,- деди.

Косова  - Түркия саламаттык сактоо жумалыгынын негизинде өлкөгө барган саламаттык сактооминистринин орун басары Меше өлкөдө түрдүү жолугушууларды да өткөрдү.

23 -  июнга чейин улантыла турган саламаттык сактоо жумалыгынын негизинде Түркиядан дарыгерлер семинарларды өткөрөт, өзгөчө  түрдүү операцияларды ишке ашырышат.



Тектеш кабарлар