«Түрк агымы» долбоорунун курулушу уланып жатат

Бул туурасында «Газпром» билдирди.

1221595
«Түрк агымы» долбоорунун курулушу уланып жатат

 

«Түрк агымы» газ кууру долбоорунун алкагында Түркиянын Тракия жээгиндеги Кыйыкөйдө салынып жаткан терминалдын курулушунун 80 пайызы бүткөрүлдү.

Орусиянын «Газпром» компаниясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Түрк агымы» жана «Түндүк агым-2» долбоорлорунда келип жеткен акыркы абалга ишкананын башкаруу кеңешинин баа бергендиги белгиленди.

Эки долбоордун тең курулушу белгиленген күн боюнча уланып жаткандыгы маалымдалган билдирүүдө: «Түндүк агым-2 долбоорунун 59 пайыздык бөлүгүн түзгөн жалпы 1450 километрдик түтүк жол Балтика деңизине төшөлдү»,-делди.

«Түрк агымы» долбоорунда болсо Кара деңиздеги түтүк жол системасын жайгаштыруу процессинин аяктагандыгы эске салынган билдирүүдө: «Түркиянын Тракия жээгиндеги Кыйыкөй кыштагында салынып жаткан өткөрүп алуу терминалынын курулушунун 80 пайызы бүткөрүлдү»,- деген сөздөргө орун берилди.

«Газпром» бир канча күн мурда «Түрк агымы» долбоорунда биринчи газ ташуунун жылдын аягына чейин баштоону пландап жаткандарын билдирген болчу.

Орус газын Түркия аркылуу Европага ташый турган «Түрк агымы» газ кууру, ар биринин көлөмү жылдык 15,75 миллиард куб метр болгон эки түтүк жолдон турат.



Тектеш кабарлар