Түркия БУУнун Кашыкчы тууралуу баяндамасын колдойт

БУУнун Соттон тышкары жана негизсиз өлүм жазалар маселелери боюнча БУУнун атайын баяндамачысы Калламардын саудиялык журналист Жемал Кашыкчы (Хашогги) кылмышы тууралуу даярдаган отчет тууралуу Чавушоглу, социалдык медиа барагынан маалымат бөлүштү.

1221503
Түркия БУУнун Кашыкчы тууралуу баяндамасын колдойт

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, БУУнун баяндамачысы Агнес Калламардын саудиялык журналист Жемал Кашыкчы (Хашогги) кылмышынын ачыкка чыгарылышына, жооптууларынын жооп беришине карата сунуштарына күчтүү колдоо көрсөткөндөрүн билдирди.

БУУнун Соттон тышкары жана негизсиз өлүм жазалар маселелери боюнча БУУнун атайын баяндамачысы Калламардын саудиялык журналист Жемал Кашыкчы (Хашогги) кылмышы тууралуу даярдаган отчет тууралуу Чавушоглу, социалдык медиа барагынан маалымат бөлүштү.

Чавушоглу: «БУУнун баяндамачысы Калламардын Кашыкчы кылмышынын ачыкка чыгарылышынын, жооптууларынын жооп беришине карай сунуштарына күчтүү колдоо көрсөтөбүз»,-деп айтты.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссардыгы тарабынан жарыяланган 101 барактык отчетто, Сауд Арабия Кашыкчыны атайылап жана мурдатан пландап өлтүрүү боюнча күнөөлөнгөн.

Баяндамада, Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман дагы арасында болгон жогорку рангадагы башкаруучулардын тергөөгө алынышы үчүн ишеничтүү далилдер топтолгонуна көрсөтмө берген.

Баяндамада айрыкча БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш, Кашыкчынын өлтүрүлүшү тууралуу толуктоочу криминалдык териштирүү баштоого чакырып, Кашыкчынын өлтүрүлүшү тууралуу санкциялардын мураскор канзаада жана анын чет өлкөдөгү жеке өзүнүн байлыктарын дагы камтышы керектигин баса белгиленген.



Тектеш кабарлар