Түркия Молдованын чечимине каршы чыкты

Түркия Молдованын Тель Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүү чечиминин тынчсыздантуучу абал экендигин билдирди.

1218648
Түркия Молдованын чечимине каршы чыкты

Түркия Молдованын Тель Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүү чечиминин тынчсыздантуучу абал экендигин билдирди. Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Молдованын Израилдеги элчилигин Кудска көчүрүлүшүнө байланыштуу кабарлардан тынчсыздануудабыз. Палестина маселесинин адилеттүү жана туруктуу чечүүчү жолго жеткирилиши жактан ачкыч мааниге ээ болгон Кудстун статусу маселесинин ички саясат ойлору менен эл аралык мыйзамга кыянаттык кылынышын айыптайбыз»,- деп билдирилди. Маалыматта эл аралык коомдун бардык мүчөлөрү, Кудс тууралуу кабыл алынган БУУнун чечимдерине баш ийүүгө, Кудстун тарыхы жана мыйзамдык статусуна сый көрсөтүүгө жана аймактын ырааттуулугун коркунучка сала турган жоопкерчиликсиз кадамдардан алыс турууга чакырылды.

Молдованын премьер  - министри Павел Филип шейшемби күнү өлкөсүнүн Тель Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүү чечимин чыгарган. Палестинанын тышкы иштер министрлиги болсо жазуу түрүндөгү билдирүү менен Молдованын чечимин айыптаган.



Тектеш кабарлар