Түркия артка кадам таштабайт

Түркия С-400дөрдү сатып алуу темасында чечкиндүү.

1218607
Түркия артка кадам таштабайт

 

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Орусиядан С-400 абадан коргонуу системасын сатып алууга карата Түркиянын чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу баса белгилеп: «Жыйынтыктары эмне болсо дагы артка кадам таштабайбыз»,-деди.

Чавушоглу Анадолу агенттигинде күн тартипке байланыштуу суроолорго жооп берди.

Түркиянын С-400 абадан коргонуу системасы келишиминин ишке ашып жатканын белгилеген Чавушоглу, өткөрүп алуу мөөнөтүнө байланыштуу иш аракеттердин уланганын жана С-400дөрдүн Түркияга келе турганын билдирди.

Чавушоглу, «АКШ эмне десе ошол болот» түшүнүгү эми жарактуу эмес экенин айтты жана «Бир өлкөнүн жалгыз өзү башка өлкөлөргө «Ал же алба» түрүндө буйрук берүүсүн кабыл албайбыз. АКШ бул мамилесинен баш тартышы керек. Бизге карай терс мамиле жана кадам ташталса буга жооп кайтарабыз»,-деди.

Түркиянын С-400дөрдү алуу темасында чечкиндүү экенин жана эч качан артка кадам таштабай турганын баса белгилеген Мевлүт Чавушоглу: «Жыйынтыктары эмне болсо дагы мындан баш тартуубуз мүмкүн эмес»,-деп айтты.

Сириядагы кырдаалга да токтолгон тышкы иштер министр, Астана процессинин уланышы пайдалуу болоорун айтты.

Режимдин кепилинин Орусия менен Иран экенин бидирген Чавушоглу: «Биз режимди көндүрө албай жатабыз» деген шылтоону кабыл албайбыз. Идлибдеги радикалдуу топторду ал жерге режим жиберүүдө»,-деди.

Кечээ Идлибдеги түрк байкоо салуучу жерлерине карай кол салууга байланыштуу да Чавушоглу: «Ал аймакка карай атуулардын чектелүү экенин ойлоп жатам. Орусияга керектүү маалыматтарды бердик, дагы бир жолу кайталанса керектүү ишти аткарабыз»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар