Түркия жана Азербайжан ар түрдүү коркунучтарга каршы кайгыда дагы, кубанычта дагы бирге

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар,Түркия жана Азербайжандын Кургактык күчтөрүнүн элементтери тарабынан бирглеше өткөрүлгөн чыныгы ок колдонулган «Бузулгус туугандык-2019» машыгуусунун «Тандамал байкоочу күнүнө» катышты.

1216769
Түркия жана Азербайжан ар түрдүү коркунучтарга каршы кайгыда дагы, кубанычта дагы бирге

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, эки боордош өлкө Түркия жана Азербайжандын ар түрдүү коркунуч жана коркутууларга каршы кайгыда дагы, кубанычта дагы бирге болгондорун айтты.

Акар, Түркия жана Азербайжандын Кургактык күчтөрүнүн элементтери тарабынан бирглеше өткөрүлгөн чыныгы ок колдонулган «Бузулгус туугандык-2019» машыгуусунун «Тандамал байкоочу күнүнө» катышты.

Министр Акар, Нахичеван Автономиялуу Республикасынын Парламент Төрагасы Васыф Талибов, Азербайжандын коргоо министри, армия генералы Закир Хасанов жана Түркиянын Бакудагы элчиси Эркан Өзорал менен бирге машыгуу өткөрүлгөн Карабаглар тоосундагы билим берүү борборуна барды. Машыгуу аянтында Нахичевандын автономиялуу биргелешкен аскер командачысы генерал-лейтенант Керим Мустафаев жана 3-армиясынын башчысы, армия генералы Исмаил Сердар Саваш менен берки жооптуу кызматкерлер тарабынан тосулган Акар, машыгуу тууралуу Бригадалык команда жеринде брифинг алды, машыгууда колдонулган курал жана унаалар орун алган көргөзмөнү кыдырды.

Министр Акар, Нахичеван Автономиялуу Республикасынын Парламент Төрагасы Васыф Талибов жана коргоо министри, армия генералы Закир Хасанов болуп кызматкерлер менен жолугушту.

Акар, бул жердеги сөзүндө бардык тармакта чоң өнүгүү, жаңылык жана өзгөрүүлөргө сахна болгон мезгилден өтүлүп жатканын белгиледи. Бул абалдын коопсуздук тармагында глобалдык жана аймактык маселелерди да чогуу ала келгенине көңүл бурган Акар: «Белгисиздик, риск жана коркунучтар көбөйгөн бул мезгилде, өлкөлөрүбүздүн жана улуттарыбыздын коопсуздугунун камсыздалышы, бир гана дароо кыймылга өтүүгө даяр, таасирдүү, баш тарттыруучу жана абройлуу армияга ээ болуу менен мүмкүн болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар