Түркия да болгон 10 өлкө бүгүн рамазан майрамын майрамдап жатат

Шеввал айынын дүйшөмбү күнү көрүнбөгөндүгүн билдирген Египет, Палестина, Иордания, Ливия, Тунис жана Сирия майрамды 5 -июнь шаршемби күнү майрамдайт.

1213395
Түркия да болгон 10 өлкө бүгүн рамазан майрамын майрамдап жатат

Түркия, Сауд Арабия, Катар, Кувейт, Ливан, Ирак, Бириккен Араб Эмирликтери, Йемен, Бахрейн жана Алжир болгон 10 өлкө бүгүн Рамазан майрамын майрамдап жатат.

Аты аталган 10 өлкөдө жогорку мартабалуу жетекчилер тарабынан берилген маалыматтарда рамазан айынын акыркы күнү катары 3 – июнь дүйшөмбү экендиги такталгандыгы жана 4 -июнь шейшемби күнү шеввал айынын биринчи күнү тактап айтканда майрам күнү экендиги жарыяланды.

Шеввал айынын дүйшөмбү күнү көрүнбөгөндүгүн билдирген Египет, Палестина, Иордания, Ливия, Тунис жана Сирия майрамды 5 -июнь шаршемби күнү майрамдайт.

Саясий ыраатсызду өкүмдүк кылган Йеменде өкмөт күчтөрү менен кагылышкан жана борбор шаар Сана менен кээ бир аймактардын текшерүүсүн колго алган хусилер да шаршемби күнүнүн майрамдын биринчи күнү катары билдиришти.

Ырааттуулук маселелери, сектанттык айырмачылыктар жана олуттуу оппозиция түзүлүштөрү болгон кээ бир өлкөлөрдө башкаруу менен оппозициянын ортосунда түрдүү күндөр майрам күнү деп жарыяланды.

Иракта суннит жана шиит жетекчилер түрдүү маалыматтарды берип, Сирияда Асад режиминин терсине оппозициячыл күчтөр майрамдын шейшемби күнү экендигин жарыялады.

Кээ бир ислам өлкөлөрү шеввал айынын дүйнөнүн кайсы бир жеринде көрүнгөндүгүн негиз кылып албастан өз өлкөлөрүндө көрүнүшүн негиз кылып алгандыгын жанаушул себептен рамазан айынын же майрамдын башталгыч күнүндө айырмачылыктар болууда.

Мали республикасы болсо жекшемби күнү рамазандын акыркы күнү, дүйшөмбү күндүн биринчи күн экендигин жарыялаган.



Тектеш кабарлар