Түркия Керкүктө болгон кол салууларда каза болгондо үчүн көңүл айтты
Кечээ Керкүктүн түрдүү жерлеринде болгон жана ДЕАШ жасаган бомбалуу алты кол салууда төрт киши каза болуп, он беш киши жараланган.
Түркия кечээ Керкүктө жасалган бомбалуу кол салууда каза болгондор үчүн Иракка көңүл айтты. Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Керкүктө жасалган бомбалуу кол салууларда каза болгон жана жаралуулардан санааркоолордун болгондугу билдирилди.
Маалыматта : «Түрдүү этникалык жана диний топтор тынчтык ичинде жашоо маданиятын бутага алган бул террордук кол салууларды айыптайбыз. Дос жана бир тууган Ирак калкына көңүл айтабыз жана жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз. Мындай кол салуулардын Керкүк калкынын тынчтык, бейкуттук жана коопсуздук ичинде бирдикте жашоо жана Ирактын бейкуттугуна салым кошууда көрсөткөн эркине толук ишенебиз»,- деп билдирилди.
Кечээ Керкүктүн түрдүү жерлеринде болгон жана ДЕАШ жасаган бомбалуу алты кол салууда төрт киши каза болуп, он беш киши жараланган.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.