Эрдоган Стамбулдун каратылышынын 566 жылдыгынан улам өз билдирүүсүн жарыялады

Президент Эрдоган Стамбулдун каратылышынын 566 жылдыгын куттуктады.

1210237
Эрдоган Стамбулдун каратылышынын 566 жылдыгынан улам өз билдирүүсүн жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Стамбулдун каратылышынын бир доорду жаап экинчи доорду ачкан, саясий, социалдык жана маданий аракеттердин негизинде дүйнө тарыхынын агымын өзгөрткөн, тарыхтын эң көрүнүктүү жеңиштеринин бири болгонун белгиледи.

Президент Эрдоган 29-Май Стамбулдун каратылышынын 566 жылдыгынан улам өз билдирүүсүн жарыялады.

Эрдоган билдирүүсүндө: «Пайгамбарыбыздын мактоосуна жеткен Фатих Султан Мехмет жана баатыр аскерлеринин Стамбулду каратып алуусундагы ишеним, чечкиндүүлүк жана тайманбастык учурда Түркияны 2023-жылга карата максаттарына, 2053-жылга, 2071-жылга карата максаттарына жеткирүү жолунда бизге илхам берүүдө»,-деп айтты.

Билдирүүсүндө «Бир доорду жаап экинчи доорду ачкан, саясий, социалдык жана маданий аракеттердин негизинде дүйнө тарыхынын агымын өзгөрткөн, тарыхтын эң көрүнүктүү жеңиштеринин бири» деп сыпаттаган Стамбулдун каратылышынын 566 жылдыгын куттуктаган Эрдоган, Фатих Султан Мехметтин кечиримдүү жана адилеттүү башкаруусу менен Стамбул, ар башка ишенич жана маданияттар жанаша жашаган борборго айлангангандыгын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар