Түркия менен Куба биргелешип дары чыгарат

72-Дүйнөлүк Саламаттык сактоо ассамблеясындагы жолугушууларынын алкагында министр Кожа, Индонезия жана Кыргызстан менен саламаттык сактоо тармагында кызматташтык келишимин түздү.

1209192
Түркия менен Куба биргелешип дары чыгарат

Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, рак вакцинасы жана дарыларынын биргелешип өндүрүлүшү темасында Куба менен бирккен жумушчу тобун түзүү чечимин чыгарды.

Ушул алкакта Кубадан жогорку деңгээлдеги делегация бул аптада Түркияга келет.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, кубалык кесиптеши Хосе Анхель Портал Миранда менен 72-Дүйнөлүк Саламаттык сактоо ассамблеясына кошулуу үчүн барган Швейцариянын Женева шаарында жолугушту.

Жолугушууда инфекцияларга каршы вакциналар, рак эмдөөсү жана дарылары менен онкологиялык эмгектерде маанилүү тажрыйбага ээ болгон Куба менен биргелешип өндүрүү чечими чыгарылды.

Саламаттык сактоо министри Кожа, акыркы максаттарынын дарыда, эмдөөдө, кандан жасалган дарыларда, медициналык аппараттарда өзүн өзү камсыздай алган өлкө болуу экенин билдирди.

Кожа: «Башка бир максатыбыз да глобалдык базарларда атаандаша алган өндүрүү түзүлүшүнө жетүү»,-деди.

72-Дүйнөлүк Саламаттык сактоо ассамблеясындагы жолугушууларынын алкагында айрыкча Индонезия жана Кыргызстан менен саламаттык сактоо тармагында кызматташтык келишимин түздү.



Тектеш кабарлар