Жикчил террор уюмунун мыкаачылыктары...

Жикчил террор уюмунун мыкаачылыктары террор менен эле чектелип калган жери жок.

1207145
Жикчил террор уюмунун мыкаачылыктары...

Жикчил террор уюмунун мыкаачылыктары террор менен эле чектелип калган жери жок.

Коопсуздук күчтөрүнө багынып берген жикчил террор уюму ПККга мүчө террористтердин түшүндүрмөлөрү, аял жана балдардын уюмга киргенден кийин алгач баңги затка көндүрүлгөнүн далилдөөдө.

Коопсуздук күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн операцияда кармалган «Саит» каймана аттуу террористтин түшүндүрмөсү, уюмга жаңы кошулган жаш кыздар менен балдарга жасалган жаман мамилелерди көз алдыга жайды.

Уюмдун корбашчыларынын аял террористтерге баңги зат ичирип көп жолу зордуктаганына күбө болгонун айткан «Саит» каймана аттуу террорист, бул абалдын террор уюмундагы аялдардын качылгыс тагдыры болгонун айтты.

Террорист, уюмдагы ушундай мамилелерден качып кутулгусу келген аялдар көп болгонун билдирип, кармалгандардын тыңчылык менен күнөөлөнүп өлтүрүлгөндөрүн маалымдады.

Буга карабастан үй-бүлөсүнө кайткысы келген аялдардын көбөйгөнүн билдирген террорист, муну ишке ашыра албагандардын көбү өз жанын кыйгандарын түшүндүрдү.

Уюмдун корбашчыларынын аял жана балдардын уюмдан бөлүнүүлөрүнө бөгөт болуу жана кагылышууларга кошулууларын оңой камсыздаш үчүн баңги зат куралын колдонгонун билдирген террорист, баңги затка берилгендердин ок атышууларда эң алдыңкы катарларга түртүлгөндөрүн айтты.



Тектеш кабарлар