Президент Эрдоган Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдат Амреевди кабыл алды

Эрдоган Азербайжанда октябрь айында өткөрүлө турган 7 -  саммиттин даярдыктарын да жакындан иликтегендигин белгиледи.

1205273
Президент Эрдоган Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдат Амреевди кабыл алды

Президент Р. Т. Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түрк Кеңешине байкоочу мүчө болушун Кеңештен колдоо суранды.

Президент Эрдоган Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды.

Президент Эрдоган Стамбулдагы Хубер сарайындагы кабыл алууда Кыргызстанда өткөрүлгөн  Түрк Кеңешинин 6 - саммитинде чыгарган чечим менен Түрк Кеңешинин башкы катчылыгына дайындалган Багдад Амреевге ийгилик каалады.

Түрк дүйнөсүнүн биримдиги алдыңкылыктардын арасында экендигин баса белгилеген Эрдоган Түрк Кеңешинин башка өлкө жана эл аралык уюмдар менен кызматташуусун күчтөндүрүшүнө маани беришкендерин айтты.

Ушул максатта Ислам Кызматташтык Уюмунда байкоочу статусун алуу иштерин колдогондугун белгилеген Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түрк Кеңешине байкоочу мүчө болушу тууралуу колдоо күтүшкөндөрүн билдирди.

Эрдоган Азербайжанда октябрь айында өткөрүлө турган 7 -  саммиттин даярдыктарын да жакындан иликтегендигин белгиледи.

Президент Эрдоган өзгөчө : «Түрк тилдүү өлкөлөр парламенттеринин ассамблеясы ТҮРКПАнын өзүнчө эл аралык уюм катары ишин улантышын жактайбыз. Эл аралык Түрк Маданият Уюму ТҮРКСОЙдун атайын статусун сактоо менен Анкарада калышынын ылайыктуу болушун кароодобуз»,- деди.

Эрдоган Нур  Султандагы Эл аралык Түрк Академиясы жана Бакудагы отурукташкан түрк маданият жана мурас фондунда Казакстан менен Азербайжан тандай турган сунуштарды колдоого даяр экендерин айтты.

Эрдоган Нурсултан Назарбаевдин лидерлигинин керек болсо Казакстан менен эки тараптуу карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшүндө, керек болсо Түрк Кеңешинин курулуп өнүгүшүндө чоң роль ойногондугун айтты. Назарбаевдин көз караштары менен тайжрыйбасына кийинки күндөрдө да муктаждык болорун белгилеген Эрдоган : «Бул түшүнүк менен урматтуу Назарбаевдин Түрк Кеңешинин ардактуу төрагасы болушун сунуш кылдым. Сунушубуздун бардык мүчө өлкөлөр тарабынан кабыл алынгандыгына кубандым»,- деди.

Президент Эрдоган октябрь айында боло турган саммитте бул тууралуу өзүнчө бир азем өткөрүшөрүн да айтты.



Тектеш кабарлар