Улуттук коргоо министри орусилык кесиптеши менен Идлиб тууралуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Идлиб аймагындагы акыркы абалдар каралды.

1204564
Улуттук коргоо министри орусилык кесиптеши менен Идлиб тууралуу сүйлөштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен Орусия федерциясынын коргоо министри Сергей Шойгу Сириянын Идлиб аймагындагы акыркы абалдарды сүйлөшүштү.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда министр Акар орусиялык кесиптеши Шойгу менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Идлибдеги акыркы абалдар жана аймакта араздашуунун азайтылышы үчүн көрүлө турган чаралар жана аймактык коопсуздук темалар 2018 -  жылы 17 -  сентябрда Сочиде кол коюлган макулдашуунун негизинде каралды.



Тектеш кабарлар