ТККнын террордук уюм ПККга операциясы уланууда

Операциялардын алкагында Шырнакта 2 террорист жок кылынып, 2 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

1203836
ТККнын террордук уюм ПККга операциясы уланууда

Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) өлкө ичи жана өлкө тышында жикчил террор уюму ПККга карай операциялары уланууда.

Операциялардын алкагында Шырнакта 2 террорист жок кылынып, 2 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Ички иштер министрлигинин жарыясына караганда ички коопсуздук операцияларынын алкагында Шырнактын Борбордук Гүнешли айылынын Несеб дереси жергесинде 2 террористтин жок кылынганы белгиленди.

Анда аймакта операциялар уланганы маалымдалды.

Шырнактын Силопи районунда да террордук уюм ПККнын Ирактын түндүгүндөгү лагерлеринен качкан бири аял 2 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Март айынан бери 21и аялдан турган 52 террорист Хабур чек ара капкасындагы коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Ирактын түндүгүндөгү Метина аймагына абадан жүргүзүлгөн операцияларда болсо, жикчил террор уюму ПКК тарабынан курал жайгаштырган жери, баш калкалоочу жер жана ок-дары кампалары катары колдонулган буталар жок кылынды.



Тектеш кабарлар