Эрдоган, жаштардан 19-Май рухун алгачкы күндөгүдөй толкундануу менен жашатууларын талап кылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Самсундун Түтүн портунда уюштурулган 19-Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамынын 100-жыл аземдеринде сөз сүйлөдү.

1204003
Эрдоган, жаштардан 19-Май рухун алгачкы күндөгүдөй толкундануу менен жашатууларын талап кылды

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жаштардан 19-Май рухун алгачкы күндөгүдөй толкундануу менен жашатууларын талап кылды.

Самсундун Түтүн портунда уюштурулган 19-Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамынын 100-жыл аземдеринде сөз сүйлөгөн президент Эрдоган, бүгүн 19-майда Самсундан башталып 2023-жылдын 29-октябрына дейре улана турган бир катар 100-жыл иш-чараларын баштай тургандарын айтты.

Осмон империясы Балкандардан чыгып жатканда тарыхтын эң чоң геноцидинин Түрк улутуна жасалганын белгилеген Эрдоган, Түрк улутунун ошончолук терең кайгыга карабастан эч качан душманына окшоо сыяктуу жаңылыштыкка кирбегенин түшүндүрдү.

Коопсуздук жана экономикада кол салуу толкунунун дагы деле токтобогонун айткан Эрдоган: «Күнүгө өлкө ичинде жана тышында өлкөбүзгө салынган тузактарды бузуп, дагы күчтүү келечек үчүн умтулуубузду жаңылап жатабыз»,-деп айтты.

«Гази Мустафа Кемал, 19-майда баскынчыларга моюн сунгандарга, чараны мандатка баш ийүүдө издегендерге моюн сунбастан бир гана Кудайга жана элге ишенип күрөшүн жүргүзсө, биз да ошондой эле түрдө иш-аракетти кылуудабыз»,-деп айткан Эрдоган, жаштардан да 19-Май рухун кудум эле алгачкы күндөгүдөй толкундануу менен жашатууларын талап кылды.



Тектеш кабарлар