Түркия Багдаттагы кол салууну айыптады

Багдаттын Садр сити аймагында болгон жандуу бомбалуу кол салууда   каза болгондор жана жаралангандардын болгондугу белгиленди.

1199038
Түркия Багдаттагы кол салууну айыптады

Түркия Ирактын борбор шаары Багдатта болгон террордук кол салууну катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Багдаттын Садр сити аймагында болгон жандуу бомбалуу кол салууда   каза болгондор жана жаралангандардын болгондугу белгиленди.

Дос жана бир тууган Ирак калкына көңүл айтылып жана жаралуулардын бат айыгып кетиши белгиленген маалыматта : «Иракта узун убакыттан бери келе жаткан кагылышуу чөйрөсүнөн кийин тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулуктун түзүлүшүнө байланыштуу күчтүү далилдер көрүнгөн бир мезгилде болгон террордук кол салууну катуу айыптайбыз. Мындай кол салуулар Иракта туруктуу ырааттуулуктун түзүлүшүнө карата аракеттерге тоскоол болбойт. Түркия бул жолдо Иракка бардык жардамды берүүнү улантат»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар