Түркия Жер Ортолук Деңиздеги бургулоо иш-аракетине шек келтирген Францияга каршы чыкты

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, «Франциянын Европа жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан бүгүн жасалган жана өлкөбүздүн Чыгыш Жер Ортолук деңизде өз жээк сууларындагы бургулоо иштерине токтолгон жарыясын четке кагабыз»делди.

1197137
Түркия Жер Ортолук Деңиздеги бургулоо иш-аракетине шек келтирген Францияга каршы чыкты

Түркия, Франциянын Европа жана Тышкы иштер министрлигинин Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде өз жээк сууларындагы бургулоо иш-аракеттерине токтолгон жарыясын четке какканын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, «Франциянын Европа жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан бүгүн жасалган жана өлкөбүздүн Чыгыш Жер Ортолук деңизде өз жээк сууларындагы бургулоо иштерине токтолгон жарыясын четке кагабыз»делди.

Жарыяда, ушул алкакта Тышкы иштер министрлигинин 2019-жылдын 4-майында 124 номердүү жана 2019-жылдын 6-майында 128 номердүү басма сөздү маалыматтандыруусунун Франция үчүн да ошондой эле жарактуу болгонуна басым жасалды.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин 4-майдагы жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги гидрокарбон булактары тууралуу иш-аракеттеринин эл аралык укуктан келип чыккан мыйзамдуу укуктарына таянганы баса белгиленди.

Министрликтин мурдагы күнкү жазуу түрүндөгү жарыясында да Түркиянын өз жээк сууларында ишке ашырып жаткан бургулоо иш-аракеттери тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин мамилесинин чындыкка дал келбегенин билдирген.

«АКШнын Румдар укуктуу болгонун айтып чыккан аянтка карай жарактуу чек коюу келишими бар сыяктуу Түркияга чакырык салуусу, конструктивдүү эмес, эл аралык укукка дагы ылайыктуу эмес»,сөздөрүнө орун берилди.



Тектеш кабарлар