Түркия Пакистандагы жардырууну катуу айыптады

Түркия, Пакистандын Пенжап провинциясынын борбор шаары Лахордогу суфий күмбөзүнө террор кол салуусун катуу айыптады.

1197681
Түркия Пакистандагы жардырууну катуу айыптады

Түркия, Пакистандын Пенжап провинциясынын борбор шаары Лахордогу суфий күмбөзүнө террор кол салуусун катуу айыптады.

Тышкы иштер министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Лахордо суфий күмбөзүнүн кире беришиндеги полициялык пунктка карай террордук кол салуу болгонунан коопсуздук кызматкерлери жана жарандардын каза болушу жана бир топ кишинин жаракат алышын капа болуп уккандары белгиленди.

Жарыяда, «Бир диний борбордо болгон бул мыкаачылык террор кол салуусун катуу айыптайбыз. Каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун, жаралуулардын тез сакайып кетишин тилейбиз. Пакистан өкмөтү менен тууган Пакистан калкына кайрат айтабыз»,делди.

Пакистандын Пенжап провинциясынын борбор шаары Лахордогу суфий күмбөзүнө болгон бомбалуу кол салууда 5и полициядан турган 8 киши каза таап, кеминде 26 киш жаракат алган эле.



Тектеш кабарлар