Эрдоган Рамазан айынын Түркия, Ислам дүйнөсү жана бүткүл адамзат үчүн пайдалуу болушун тиледи

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуттук Улуу Жыйындагы фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

1196828
Эрдоган Рамазан айынын Түркия, Ислам дүйнөсү жана бүткүл адамзат үчүн пайдалуу болушун тиледи

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Рамазан айынын Түркия, Ислам дүйнөсү жана бүткүл адамзат үчүн пайдалуу болушун тиледи.

 Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуттук Улуу Жыйындагы фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Рамазан айынын жардамдашуу айы болгонуна басым жасаган Эрдоган: «Тынчтык дини болгон Исламдын ар түрдүү жамандыкка, ар түрдүү зулумдукка кескин түрдө тыюу салган, жакшылыкты, көмөктөшүүнү, кам көрүүнү, жардамдашууну шыктандырган рамазан айын туура пайдалана алсак кандай бактылуу болобуз»,-деди.

Эрдоган, ушул ыйык күндөрдө мусулмандын канын төккөн Израиль, Сирияда Башар Асад режими, Египетте аскердик төңкөрүш менен бийликке келген Абдүлфеттах эл Сиси сыяктуу түзүлүштөргө жана жикчил террор уюму ПКК сыяктуу мыкааачыларга чын жүрөктөн каршы турулушу керектигин белгиледи.

Ирактын жерлеринде 35 жылдан бери террористтер аркылуу Түркияга тузактар салынганына басым жасаган Эрдоган, акыркы убактарда Кипр, Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Эгей деңизинде Түркиянын укуктарын тебелөөгө карай кадамдар ташталып жатканын айтты.

Эрдоган, Түркиянын бардык милдеттерин орундатканына карабастан Европа Биримдигине толук мүчөлүккө кабыл алынбоосунун артында жаман ойлуу рухий абал бар экенин айтты.

Эрдоган, АКШнын аймактагы саясаттарын атайылап Түркиянын кызыкчылыктарына каршы түзүп жатканын жана Түркияны тынымсыз санкциялар менен коркутуусуна токтолуп, Түркия жана Түрк улуту катары, бүткүл адамзаттын жана үммөттүн даңкы, сыймыгы, адилеттиги үчүн күрөшкөндөрүнө басым жасады.

Бул ыйык күндөрдө ар кимди, улуттун, үммөттүн жана адамзаттын кайырлуу, бакубат, коопсуз, өнүккөн келечеги үчүн дуба кылууга чакырган Эрдоган: «Жаратканыбыз, бизге көптөгөн кыйынчылыктар менен катар жеңилдиктер да болгонун сүйүнчүлөйт. Эң чоң күчүбүздүн ак ниеттүү түрдө кылган дубаларыбыз, ибадаттарыбыз экенин эсибизден чыгарбай бул ыйык күндөрдү эң жакшы түрдө пайдаланабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар