Ыйык Рамазан айы башталды

Түркиянын жалпысында биринчи таравих намазы окулду.

1195622
Ыйык Рамазан айы башталды

Он эки айдын эң ыйыгы берекелүү Рамазан айы башталды.

Түркиянын жалпысында биринчи таравих намазы окулду.

Дүйнөнүн төрт тарабындагы мусулмандар да биринчи таравих намазы үчүн мечиттерге чубашты. Австралия, Индонезия, Малайзия жана Ооганстан таравих намазын биринчилерден болуп окуган өлкөлөр болушту.

АКШнын Мэриленд штатындагы Дин иштери борборунда окулган биринчи таравих намазы аймакта жашаган жүздөгөн мусулманды жолугуштурду.

Араб өлкөлөрүнүн көпчүлүгү болсо Рамазан айынын башталышын дүйшөмбү күнү деп жарыялашты.

Сауд Аравия, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирликтери, Кувейт, Катар, Судан, Иордания, Палестина, Египет, Ирак, Тунис, Ливия, Сирия, Йемен, Ливан, Алжир, Сомали жана Жибути айдын көрүнгөнүн жана дүйшөмбү күнүнүн Разамандын башталышы экенин билдиришти.

Оман, Марокко жана Комор аралдары болсо Рамазан айынын башталган күнүн шейшемби деп жарыяласа Мавритания азырынча билдире элек.



Тектеш кабарлар