Түркия Түндүк Македониядагы шайлоонун кубантуучу экендигин билдирди

Өлкөдө өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Македония социалдык демократтар биримдигинин талапкери Стиво Пендаровский жеңгендигин жарыялаган.

1195764
Түркия Түндүк Македониядагы шайлоонун кубантуучу экендигин билдирди

Түркия Түндүк Македонияда кечээ болгон президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын ийгиликтүү болушунун кубантуучу экендигин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Түркия Түндүк Македониянын саясий биримдик, ырааттуулук жана бейкуттугуна чоң маани берет. Президенттик шайлоонун жыйынтыгынын өлкөнүн тынчтык жана ырааттуулугун бекемдей тургандыгына ишенебиз. Түркия Түндүк Македония менен карым  - катнаштарын бардык тармакта дагы да өнүктүрүү үчүн иштөөнү жана Балкандарда ырааттуулук менен бейкуттукту арттыруу үчүн аймак өлкөлөрү менен кызматташтыгын улантат»,- деп билдирилди.  

Өлкөдө өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Македония социалдык демократтар биримдигинин талапкери Стиво Пендаровский жеңгендигин жарыялаган.



Тектеш кабарлар