Түркия Орусияга көңүл айтты
Москвадагы учак кырсыгында жүргүнчүлөрдүн 41и каза тапкан болчу.
1195476
Түркия Москвадагы учак кырсыгында каза тапкандар үчүн Орусияга көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Орусиянын баш калаасы Москвадагы Шереметьево аэропортунда болгон учак кырсыгында көп сандаган кишинин каза болушунун катуу капага салганы белгиленди.
Билдирүүдө: «Бул кайгылуу окуядан улам орус элинин жана өкмөтүнүн кайгы-муңун тең бөлүшүп, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтабыз жана жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин тилейбиз» деген сөздөргө орун берилди.
Москвада аэропортко шашылыш конуп жатканда өрттөнүп кеткен учактагы жүргүнчүлөрдүн 41и каза тапкан болчу.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.