Түркия АКШга Чыгыш Жер Ортолук деңиз боюнча каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлик, Чыгыш Жер Ортолук деңизде уланган бургулоо иштери тууралуу АКШнын билдирүүсүнө жооп берди.

1196110
Түркия АКШга Чыгыш Жер Ортолук деңиз боюнча каршылык көрсөттү

Түркия, Чыгыш Жер Ортолук деңизде жээк сууларындагы бургулоо иштери тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин кечээки жарыялоосунун чындыкка жатпаганын жарыялады.

Тышкы иштер министрлик, Чыгыш Жер Ортолук деңизде уланган бургулоо иштери тууралуу АКШнын билдирүүсүнө жооп берди.

Тышкы иштер министрлигинин жарыясында Румдар укуктуу болгонун айтып чыккан аянтка карай жарактуу чек коюу келишими бар сыяктуу АКШнын Түркияга чакырык салуусунун, конструктивдүү жана эл аралык укукка ылайыктуу мамиле болбогонуна басым жасалды.

Анда, Кипрдин Рум бөлүгүнүн аймак өлкөлөрү менен түзүп алган Өзгөчө Экономикалык зона менен чек коюу келишимдеринин Түркия үчүн дагы Кипр түрктөрү үчүн дагы жарактуу болбогону белгиленди.

Түркиянын аймактагы Жээк сууларынын чегин эл аралык коомчулукка жарыялаганы, БУУ багытында каттоого  алынганы белгиленген жарыяда, «Аймакта бардык тийиштүү жээктештердин арасында эл аралык укук эрежелерине ылайык адилеттикке таянган чек коюу азырынча бүткөрүлө элек. Абал ушундай болуп турганда үчүнчү тараптардын өздөрүн кудум эле эл аралык соттун ордуна коюп, деңиз чек араларынын кайсы жерден өтө турганын белгилөөгө аракет кылуулары кабыл алынгыс. Бул жагынан алганда АКШнын Румдар укуктуу болгонун айтып чыккан аянтка карай жарактуу чек коюу келишими бар сыяктуу Түркияга чакырык салуусу, конструктивдүү дагы эл аралык укукка дагы ылайыктуу эмес»,сөздөрүнө орун берилди.

Түркияга таандык бургулоо жана сейсмикалык кемелердин, жээк сууларында изилдөө жана бургулоо иш-аракеттери чечкиндүү улана турганына басым жасалган жарыяда, «Ошондой эле түрдө Рум тарабы аралдын тең үлүштөшү Кипр Түрктөрүн гидрокарбондук булактар темасында чечим чыгаруу механизмдерине кошмоюнча же бир беткей гидрокарбон иш-аракеттерин токтотмоюнча, Түркия Кипр Түрктөрүнүн да жээк сууларындагы укуктарын коргоосун улантат»,делди.                                         



Тектеш кабарлар