Сирияда террордук уюм ДЕАШ менен көкүрөгүн тосуп согушкан жалгыз НАТО өлкөсү Түркия

Президент Режеп Таййип Эрдоган, борбор шаар Анкарада НАТО Консейи жана НАТОнун Жер Ортолук Деңиз диалогунун өнөктөштөрүнүн жыйналышында сөз сүйлөдү.

1196131
Сирияда террордук уюм ДЕАШ менен көкүрөгүн тосуп согушкан жалгыз НАТО өлкөсү Түркия

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда террордук уюм ДЕАШ менен көкүрөгүн тосуп согушкан жана бул террор уюмун жеңилүүгө учураткан жалгыз НАТО өлкөсү Түркия экенин айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, борбор шаар Анкарада НАТО Консейи жана НАТОнун Жер Ортолук Деңиз диалогунун өнөктөштөрүнүн жыйналышында сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Түркиянын Сирияда террорго каршы жүргүзгөн күрөшүүсүнө токтолгон Эрдоган: «Террордон тазалаган коопсуз аймактарга 320 миң чакты сириялык баш калкалоочунун артка кайтуусун камсыздадык»,-деп айтты.

Адамзат апааттын босогосуна келген Идлибде демилге көтөрүп кайрадан тынчтыктын камсыздалышын ишке ашыргандарын айткан Эрдоган: «Ушундайча жүз миңдеген сириялык бейкүнөө адамдын өлүмүнө бөгөт койгонубуз сыяктуу Европаны терең баш аламандыкка алып бара турган тартипсиз көч агымынын дагы алдын алдык»,-деп айтты.

Эрдоган, Түркиянын НАТОдогу досторунан бир гана шериктештик рухуна ылайыктуу мамиле кылууларын, шериктештиктин куруучу баалуулуктарын коргоосун күткөндөрүн айтты.

Сириядагы террористтердин НАТОго мүчө өлкөлөр тарабынан баш калкалатылганына басым жасаган Эрдоган: «Мылтыгын өлкөбүзгө бурган, атуулдарыбыздын жанына жана мүлкүнө кастык кылган террордук уюмдардын шериктештерибиз тарабынан жабдылуусунун, фуралар толгон курал жана ок-дарылар менен жабыдылышынын, террор уюмунун корбашчыларынын айрым өлкөлөрдө эң жогорку деңгээлде кызыл килемдер менен тосулушунун эч бир укуктуу себебеи жок»,-деп айтты.

Түркиянын ар башка өлкө жана аймактар менен өнүктүргөн карым-катнаштарынын, бири-биринин альтернативасы эмес толуктоочусу болгонуна басым жасаган Эрдоган: «Түркиянын Эгемендик укуктарына кирген, (Орусиядан ала турган) С-400 абадан коргонуу системалары сыяктуу айрым актуалдуу маселелер аркылуу талаштын алоолонтулушуна аракет кылынышын эч качан кабыл албайбыз. НАТОнун шериктештигинин алкагында улуттук коопсуздугубузду күчтөндүрүү аракети менен таштаган кадамдарды ошол эле алкакта баалаш керек»,-деди.



Тектеш кабарлар