Израиль армиясынын Анадолу агенттигине кол салуусу Түркия тарабынан катуу айыпталды

Израиль армиясы курчоосу астындагы Газа тилкесинде Анадолу агенттигинин (АА) кеңсеси да орун алган имаратты атканына Түркия жетекчилиги катуу каршылык көрсөттү.

1195211
Израиль армиясынын Анадолу агенттигине кол салуусу Түркия тарабынан катуу айыпталды

Израиль армиясы курчоосу астындагы Газа тилкесинде Анадолу агенттигинин (АА) кеңсеси да орун алган имаратты атты.

Кол салууда имарат толугу менен кыйрап агенттикте иштегендерден каза тапкан же жаракат алган эч ким болгон жок.

Израиль армиясынын курчоосу астындагы Газа тилкесинде Анадолу агенттигинин (АА) кеңсеси да орун алган имаратты атканына каршылык көрсөткөн президент Режеп Таййип Эрдоган, Анадолу агенттигинин башкы директору Шенол Казанжы менен телефон аркылуу байланышып ал абалды сурады.

Президент Эрдоган: «Түркия жана Анадолу агенттиги бул кол салуулардын бардыгына карабастан Израиль террорун жана зулумдугун бүткүл дүйнөгө бийик үн менен угузуусун улантат»,-деп айтты.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында болсо Израилдин кол салууларына каршы эл аралык коомчулукту иш-аракетке өтүү чакырыгы салынды.

Анда, бул сөздөр орун алды: «Израилдин Газада кечээтен бери көп сандаган карапайым адамдын каза болушуна же жаракат алышына себепчи болгон жана ошондой эле Анадолу агенттигинин имаратын да бутага алган айырмалоосуз кол салууларын катуу айыптайбыз. Израилдин тең салмаксыз кыймылдары менен аймакта күчөп кеткен чыңалуунун азайтылышы үчүн эл аралык коомчулукту ылдам түрдө иш-аракетке өтүүгө чакырабыз».

Түркия Улуттук Улуу Жыйынын Төрагасы Мустафа Шентоп да кол салууга катуу каршылык көрсөттү.

Шетоп: «Изриаль, Анадолу агенттигинин жумуш кеңсеси орун алган имаратты атып, эл аралык укукту жана адамзат баалуулуктарын тебелеген кыймылдарына дагы бир жаңысын кошту»,-деди.

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын болсо социалдык медиа барагынан Израилдин жаңы кол салуучулук кылыгын көрсөткөнүн белгилеп, «Алардын максатынын Израилдин жаңы кылмыштарын жаап жашыруу болгону ачык көрүнүп турат»,-деди.

Президенттиктин байланыш башчысы Фахреттин Алтун, кол салуу тууралуу батыш өлкөлөрүнө чакырык салды. Алтун: «Басма сөз эркиндигин сыйлаганын айткан Батыш өлкөлөрүн  Израиль өкмөтүн айыптоого чакырабыз»,-деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да, кол салуунун адамзатка каршы жасалган кылмыш экенин айтты. Чавушоглу: «Бул кол салууга Израиль сыяктуу эле анын кол салуусуна түрткү болгон өлкөлөр дагы жооптуу. Палестина доосун акырына дейре жактайбыз»,-деп айтты.

Бир тараптан улуттук коргоо министри Хулуси Акар, ички иштер министри Сүлейман сойлу, адилет министри Абдулхамит Гүл, саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, соода министри Рухсар Пекжан, улуттук билим берүү министри Зия Селчук, экология жана шаар пландоо министри Мурат Курум, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, үй-бүлө, эмгек жана социалдык тейлөөлөр министри Зехра Зүмрүт Селчук жана АК партиянын катчысы Өмер Челик да кол салууну айыпташып, Анадолу агенттигине колдоолорун көрсөтүштү.

ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен да, Твиттер барагынан берген билдирүүсүндө, «Адамзатка каршы кылмыш кылууну уланткан Израилдин газадагы Анадолу агенттигинин (АА) кеңсесин ракета менен бутага алуусун катуу айыптаймын»,-деди.



Тектеш кабарлар