Түркия үй - бүлө коопсуздугу тууралуу дүйнөдө биринчи орунда

Түркия үй  - бүлө коопсуздугу жактан Дүйнөлүк үй – бүлө картасынын отчетунда 94 пайыздык катнашта биринчи орунду алды.

1194012
Түркия үй  - бүлө коопсуздугу тууралуу дүйнөдө биринчи орунда

Түркия үй  - бүлө коопсуздугу жактан Дүйнөлүк үй – бүлө картасынын отчетунда 94 пайыздык катнашта биринчи орунду алды.

Үй  - бүлө, эмгек жана социалдык тейлөө боюнча министр Зехра Зүмрүт Селчук Бештепе Улуттук Конгресс жана Маданият Борборунда 7 -  үй  - бүлө кеңешинде сөз сүйлөдү.

Түркиянын ОЕСДга мүчө өлкөлөр менен салыштырылганда турмуш куруу катнашында биринчи орунду алгандыгын баса белгилеген Селчук : «Ажырашуу катнашында акыркы орундабыз. Бул өлкөбүз үчүн бир мүмкүнчүлүк. Бул мүмкүнчүлүгүбүздү жоготпостон сактап калуу үчүн жаштарыбызга үй  - бүлөнүн баркы  - баасын, маанисин дагы жакшы түшүндүрүүбүз керек»,- деди.

Түркиянын ата  - энелери менен жашаган балдар боюнча ОЕСД өлкөлөрүнүн ичинде биринчи орунду алгандыгын белгилеген Селчук үй  - бүлө саясаттарынын маалыматка таянган жана кенен машстабдуу бир көз караш менен белгилениши, үй  - бүлөгө карата кызматтардын да коомдун муктаждыкарынын негизинде багытталышы үчүн баарын жолугуштуруунун керектүү экендигин айтты.

Үй – бүлөгө карата иликтөөлөрдү жүргүзүшкөндөрүн белгилеген Селчук : «Үй  - бүлө кеңештерин урматтуу президентибиз Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде иреттүү түрдө ишке ашырууну жана эл аралык бир платформага алып келүүнү максат кылуудабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар