Түркия Индиядагы бомбалуу кол салууну айыптады

Түркия Индияга көңүл айтты.

1193774
Түркия Индиядагы бомбалуу кол салууну айыптады

Түркия Индияда полиция кызматкерлерине карай бомбалуу кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Индиянын Махараштра аймагында полиция кызматкерлерин ташыган автобуска карай бомбалуу кол салууда көп сандаган кишинин каза болушу катуу капага салды. Кол салууну айыптап, каза тапкандардын жакындары менен Индия элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз»,-делди.

Өлкөнүн батышындагы Махараштра аймагында кечээ атайын кыймыл полицияларын ташыган микро автобус өтүп баратканда мурда жолго жайгаштырылган бомбанын жарылуусунан 15 полиция жана 1 жаран каза тапкан болчу.



Тектеш кабарлар