Түркиянын жаңы чабуул коючу тик учары
Дүйнөнүн алдыңкы коргоо өнөр жайынын иш чарасы Эл аралык Коргоо Өнөр Жай Жарманкесинде Түркия үчүн бир алгачкы ишке ашат.
Дүйнөнүн алдыңкы коргоо өнөр жайынын иш чарасы Эл аралык Коргоо Өнөр Жай Жарманкесинде Түркия үчүн бир алгачкы ишке ашат.
Коомчулукта «Атак - 2» деп да билинген Оор класстагы чабуул коючу тик учар биринчи жолу жарманкеде көргөзмөгө чыгат.
Тик учар жарманкеде жергиликтүү ок дарылардын макеттери менен көргөзмөгө чыгарылат. Оор класстагы чабуул коючу тик учар долбоору түрк куралдуу күчтөрүнүн бул тармактагы муктаждыгына карата баштатылды.
Долбоор менен жогорку көлөмдө пайдалуу жүк ташый ала турган, кыйын абалга алып келүүчү экологиялык таасирлерге чыдамдуу, алдыңкы технология, электрондук согуш, кабарлашуу жана курал системалары менен камсыздалган, жогорку маневра жөндөмүнө ээ, баш тарттыруучу бир чабуул коючу тик учардын долбоорлонуп чыгарылышы пландалууда.
14 - Эл аралык коргоо өнөр жай жарманкеси 30 - апрель 3 - май күндөрү Стамбулда өткөрүлөт.