Түркия менен Ирандын ортосундагы саясий кеңешүүлөр

Саясий кеңешүүлөрдүн алкагында делегациялар эртең баш калаа Анкарада жолугушууларды өткөрүшөт.

1191765
Түркия менен Ирандын ортосундагы саясий кеңешүүлөр

Түркия менен Ирандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий кеңешүүлөр өткөрүлөт.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Түркия менен Ирандын ортосундагы саясий кеңешүүлөрдүн алкагында тышкы иштер министрдин орун басары элчи Седат Өнал менен Ирандын тышкы иштер министринин орун басары элчи Аббас Аракчинин жетекчилигиндеги делегациялар эртең баш калаа Анкарада жолугушууларды өткөрүшөт.

Кеңешүүлөрдө эки тараптуу карым-катнаштардын каралышы менен бирге аймактык жана эл аралык маселелер туурасында пикир алмашылышы да көздөлүүдө.

Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф 17-апрелде Анкарага расмий сапар жасаган. Зариф сапарынын алкагында президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кабыл алынып, тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу менен жолуккан болчу.



Тектеш кабарлар