Зеленский Түркияда эс алат

Украинанын жаңы президенти чарчаганын Түркияда жазат.

1190274
Зеленский Түркияда эс алат

Украинада президенттик шайлоону жеңген Владимир Зеленский шайлоо үгүт иштериндеги чалыгуусун Түркияда эс алып жазат.

Зеленский социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Ачык болуу темасында макулдаштык. Мына ушундай. Түркияга учабыз. Балдарды жылдык көңүл ачуу фестивалына алып барам»,-деди.

Акыркы төрт айдан бери биринчи жолу эс ала турганын белгилеген Зеленский Украинага эки күндөн кийин кайта турганын билдирди.

Украинада өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында куудул Владимир Зеленский 73,22 пайыздык добуш менен биринчи болсо, атаандашы жана азыркы президент Петр Порошенко 24,45 пайыздык добуш алган болчу.



Тектеш кабарлар