Түркия АКШнын коркутуучу тил менен эч бир жыйынтык албай тургандыгын түшүнүшү керектигин жарыялады

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой күн тартибиндеги темалар тууралуу маалыматтарды берди.

1190642
Түркия АКШнын коркутуучу тил менен эч бир жыйынтык албай тургандыгын түшүнүшү керектигин жарыялады

Түркия АКШнын коркутуучу тил менен эч бир жыйынтык ала албай тургандыгын түшүнүшү керектигин жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой күн тартибиндеги темалар тууралуу маалыматтарды берди.

Маалыматта Түркия менен АКШ делегацияларынын арасында болгон Сирия тема болгон сүйлөшүүлөргө токтолгон Аксой : «Коопсуз аймак тууралуу 3 жыйын өткөрүлдү. Биздин алдыңкылыгыбыз ПЙД/ЙПГ басып алган аймактардан чыгарылышы»,- деди.

АКШнын Сириядан аскерлерин чыгарары тууралуу түрдүү маалыматтарга баа берген Аксой : «АКШнын толугу менен чыкпай тургандыгы белгилүү бирок аянтта күч боштугуна жол ачпашы керек. Террордук уюм күчтөндүрүлбөшү керек»,- деди.

АКШнын кээ кээде коркутуу тилине кайрылгандыгы белгилүү экендигин айткан Аксой Вашингтон башкаруусунун бир жыйынтыкка бара албай тургандыгын түшүнүшү керектигин белгиледи.

Ф  -35 аскердик учактарынын тапшырылышы тууралуу талаш  - тартыштарды да эске салган Аксой түрк учкучтардын АКШдагы машыгууларынын улантылып жаткандыгын баса белгилеп : «Учактар тапшырыла баштады, артка кадам таштабайбыз»,- деди.

АКШнын Түркияга Патриот абадан коргонуу системаларын сатууну каалагандыгы тууралуу сунушуна баа берген Аксой : «АКШ кеч да болсо сунуш бере баштады, сүйлөшүүлөр улантылууда. Орусиядан ала турган С  - 400 менен муну бирдикте ойлобойбуз»,- деди. АКШнын Сириядагы Голан дөңсөөлөрү тууралуу Израилдин эгемендигин кабыл алуу чечимине болсо : «Голан Сириянын жери. Биринчи каршы чыгуу бизден келди. АКШ бул кадамда жалгыз эмес»,- деди Аксой.

Аксой Франциянын президенти Еммануэль Макрондун негизсиз армян ойлору тууралуу 24 -  апрелди эскерүү күнү деп жарыялагандыгын унутушпай тургандарын белгилеп : «Бул мамилеси жоопсуз калбайт. Француздардын бир кылым мурда армяндарды куралдандырып түрктөрдүн өлтүрүлүшүнө жооптуу»,- деди.

Армениянын бул тууралуу билдирүүсүнө да каршы чыккан Аксой : «Армян катчынын билдирүүсү жана усулу мамлекеттик салтка ээ эмес экендигин көрсөтүүдө. 1915 -  жылдагы окуялары мыйзамдуу бир талаш  - тартыштын темасы. Армения архивдерди ачуу күчүн көрсөтө турган болсо чындыктар ортого чыгат»,- деди.



Тектеш кабарлар