Улуттук Чалгындоо Уюмунун Иракта ПКК операциясы
Операцияда кармалган 4 террорист Коопсуздук директорлугунун террор менен күрөшүү топторуна тапшырылды.
Улуттук Чалгындоо Уюмунун террордук уюм ПКК/КЖКнын өлкө тышындагы максаттарына карата иштери менен Синжарда кармалган 4 террорист 18 - апрелде Ирактан Түркияга алып келинип Коопсуздук директорлугунун террор менен күрөшүү топторуна тапшырылды.
Коопсуздук күчтөрүнөн алынган маалыматка караганда кармалган террористтер ПКК/КЖК террордук уюмунун Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнин ичинде Сирияда куралдуу машыгуудан өткөн.
Сирия жана Иракта иш алып барган террористтердин Ирак - Синжар аянтына өткөндүгү аныкталды.
Террористтерден В. Кнын 2010 - жылы ПКК/КЖКга кошулгандыгы, Ирактын түндүгүндөгү Гара жана Хафтанин аяттарында түрк куралдуу күчтөрүнө карата кыймылдарга активүү катышкан жана Синжар аймагында да иш алып баргандыгы белгиленди.
В.Кнын өткөн айда Синжар аймагында езиди бир үй – бүлөнүн 11 жаштагы майып баласын зордуктагандыгы жана ПКК/КЖКнын зордуктоо окуясын жаап жашыруу максатында уюмдун мүчөсүн башка бир аймакка жибергендиги аныкталды.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.