Шейит балдары улуттук коргоо министрлигинде болушту

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлиги 23 -  Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамынан улам шейит балдары менен жолугушту.

1188107
Шейит балдары улуттук коргоо министрлигинде болушту

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлиги 23 -  Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамынан улам шейит балдары менен жолугушту.

Террор менен күрөшүү кыймылында шейит болгон коопсуздук күчтөрү менен Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылында шейит болгондордун балдары орун алган 30 кишилик топ 23- Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамынан улам улуттук коргоо министрлигине чакырылды.

Шейит балдары улуттук коргоо министри Хулуси Акар, башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер, кургак жер күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Үмит Дүндар, деңиз күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Аднан Өзбал менен аба күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Хасан Күчүкакйүз менен жолугушту.

23 -  Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамынын дүйнөдө балдарга арналган алгачкы жана бир гана майрам экендигин белгилеген Акар : "23 -  Апрель балдарыбызга, жаштарыбызга берген маанинин эң мыкты көрсөткүчү»,- деди.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн өлкөнүн биримдиги, бүтүндүгү менен элдин бейкуттугу жана тынчтыгы үчүн иштегендигин айткан Акар : «Биз азыркы учурда бул жерде отурганда чек араларыбызда, кургактыкта, абада, деңизде солдат байкелериңер  милдетин аткарууда»,- деди.

Жолугушуунун акырында балдарга түрдүү белектерди берген Акар менен командирлер балдар менен эстелик фотографиясына түшүштү. Жолугушуудан кийин балдар көчөт отургузушту.



Тектеш кабарлар