Батыш дүйнөсү бардык медиа органдары менен Түрк экономикасын кудум эле чөгүндү сыяктуу көрсөтүүдө

Президент Режеп Таййип Эрдоган, борбор калаа Анкарада Мемур-Сен конфедерациясынын иш-чарасына катышты.

1186124
Батыш дүйнөсү бардык медиа органдары менен Түрк экономикасын кудум эле чөгүндү сыяктуу көрсөтүүдө

Президент Режеп Таййип Эрдоган, чет өлкөдө Түрк экономикасы тууралуу жазылган темаларга каршылык көрсөттү.

Эрдоган, борбор калаа Анкарада Мемур-Сен конфедерациясынын иш-чарасына катышты.

Президенттин бул жерде сүйлөгөн сөзүнүн күн тартибинде экономикага карай кол салуулар бар эле.

Батыш дүйнөсүнүн бардык медиа органдары менен Түрк экономикасын кудум эле чөгүндү сыяктуу көрсөткөнүн белгилеген Эрдоган: «Эмне кылсаңыз кылыңыз, Түркия күчтөнүп жолун улантат»,-деди.

Американын «Financial Times» гезитинин валюта резервдери тууралуу чындыкка жатпаган кабарын сынга алган Эрдоган: «Биз террор менен күрөшүү жана качкындар маселесиндеги кош стандарттарга көңүл бурган сайын, бизге каршы кабарлардын саны дагы да эселенип артууда. Эй Файненшл таймс, 4 миллион баш калкалоочуну багып жаткан Түркияны сен тааныдыңбы? Сенин өлкөңдө учурда канча качкын бар? Кана ошону да кабар кылып көрчү. Бизди бир канча маргиналдын жалаа жабуусу эмес, эч бир изилдөө жасалбастан, айтымдарды тастыктабастан, иштин чоо жайы тийиштүүлөрдөн суралбастан Түркияга каршы ар түрдүү кабарга, ар түрдүү пропогандага уруксат берилиши тынчыбызды алууда»,-деп айтты.

Эрдоган, Түркиянын коопсуздугунун, атуулдардын биримдик жана ынтымагынын ар түрдүү саясий эсептерден жогору турганын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар