Түркиянын негизги коопсуздук тынчсыздануулары бар

Сириядагы кризистин баш  - аламан экендигин баса белгилеген Жеффри АКШнын Сириядагы миссиясына жетүүсү жактан Түркиянын маанисин белгиледи.

1183953
Түркиянын негизги коопсуздук тынчсыздануулары бар

 АКШнын Сирия атайын өкүлү Жеймс Жеффри Түркиянын негизги коопсуздук тынчсызданууларынын бар экендигин белгилеп : “Түркия менен ЙПГ болбой турган бир коопсуз аймак тууралуу иштеп жатабыз»,- деди. Жеффри Түркия  - АКШ иш кеңеши менен Америка  - Түркия Кеңеши тарабынан бул жылы 37 -  өткөрүлгөн Биргелешкен жылдык конференцияда сөз сүйлөдү. Жеффри : «Түркия менен АКШнын өткөн күндө жана азыр да абдан маанилүү бир геополитикалык өнөктөштүгү бар»,- деди.

Сириядагы кризистин орчундуу экендигин баса белгилеген Жеффри АКШнын Сириядагы миссиясына жетүүсү жактан Түркиянын маанисин белгиледи. Жеффри : Асад режими химиялык жана атомдук куралдардан баш тартышы керек. Сирия терроисттер үчүн баш калкалоочу жер болбошу керек жана бул жердеги ирандыктар үйлөрүнө кайтышы керек»,- деди.

Жеффри : «Түркия менен азырынча толугу менен келише элек бир коопсуз аймак  тууралуу иштеп жатабыз. Түркиянын абдан маанилүү коопсуздук тынчсыздануулары бар. АКШ Түркиянын биздин ДЕАШка каршы бирдикте согушкан адамдар тууралуу тынчсызданууларын да түшүнөт. Түркия менен ЙПГ болбой турган бир коопсуз аймак тууралуу да иштеп жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар