Лукашенко Түркияга келет
Сапардын алкагында ар түрдүү келишимдерге кол коюлмакчы.
Белоруссиянын Президенти Александр Лукашенко президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу боюнча бүгүн Түркияга расмий сапар менен келет.
Президенттиктин байланыш бөлүмүнүн билдирүүсүнө караганда, сапар убагында өткөрүлө турган сүйлөшүүлөрдө Түркия менен Беларустун ортосундагы карым-катнаштар баардык жагы менен каралып, кызматташтыктын өнүктүрүлүшү үчүн таштала турчу кадамдар талкууланат.
Жолугушууларда айрыкча аймактык жана эл аралык маселелер туурасында пикир алмашылышы көздөлүүдө.
Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарга маанилүү салым кошо турган ар түрдүү келишимдерге да кол коюлаары күтүлгөн сапардан улам Түркия-Белоруссия ишкердик форумунун өткөрүлүшү да пландалып жатат.
Тектеш кабарлар
Түркиянын калкынын 15,1 пайызын жаштар түзүүдө
Түркиянын статистикалык мекемеси 2023 - жылдын жаштар боюнча статистикасын жарыялады.