Чавушоглу француз эл өкүлүнүн суроосуна катуу сөздөр менен жооп берди

Чавушоглунун сөздөрүнөн кийин француз эл өкүлү залдан чыгып кетти.

1182099
Чавушоглу француз эл өкүлүнүн суроосуна катуу сөздөр менен жооп берди
fransiz parlamenter nato.jpg

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, геноцид жана тарых темасында Түркияга сабак бере турчу эң акыркы өлкөнүн Франция экенин айтты.

Мевлүт Чавушоглу Антальяда өткөрүлгөн НАТОнун Парламенттик Ассамблеясынын 99- Роуз-Рот семинары жана Жер ортолук деңиздин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын тобунун биргелешкен жыйынынын ачылышында, француз эл өкүлү Соня Крымынын жалган армян кыргына байланыштуу суроосуна катуу сөздөр менен жооп берди.

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун 24-апрелди жалган армян кыргынын эскерүү күнү деп жарыя кылышынын Европанын адам укуктары соту менен БУУнун токтомдоруна карама-каршы келип же келбегенин сураган Чавушоглу: «Сиз саясатчылар, тарых тууралуу сот иштерин жүргүзүүнү туура чечим катары көрүп жатасыңар. Көз караш башка, чечим чыгаруу башка. Анда кайсы маалымат боюнча тарых темасында ушунча так чечим чыгарып жатасыңар. Маалымат жетишсиз болгонуна карабастан чечим чыгаруунун жалгыз себеби бар, ал болсо популизм болуп саналат»,-деп айтты.

Геноцид жана тарых темасында Түркияга сабак бере турчу эң акыркы өлкөнүн Франция экенин айткан Чавушоглу: «Анткени Руанда жана Алжирде болгондорду унута элекпиз. Франция алгач өз караңгы тарыхын карап чыксын. Түркияга сабак берүүгө аракет кылбасын. Ооба сиздер менменсине бергиле биз да ушунтип чындыктарды айтууну улантабыз»,-деди.

Чавушоглунун бул сөздөрүнөн кийин француз эл өкүлү залдан чыгып кетти.



Тектеш кабарлар