Улуттук сарайларды үч айда 335 миң турист келип көрдү

Улуттук сарайлардан берилген маалыматка караганда 2019 -  жылдын биринчи чейрегинде Улуттук сарайларды келип көргөндөрдүн санында мурунку жылга караганда 11 пайыздык өсүү болду.

1177876
Улуттук сарайларды үч айда 335 миң турист келип көрдү
saray.jpg

Улуттук сарайлар башкаруусунун башкармалыгына караштуу тархый сарайлар 3 айда 335 миң турситти тосуп алды.

Улуттук сарайлардан берилген маалыматка караганда 2019 -  жылдын биринчи чейрегинде Улуттук сарайларды келип көргөндөрдүн санында мурунку жылга караганда 11 пайыздык өсүү болду.

Жергиликтүү туристтер менен бирге чет элдик туристтердин санында да өсүү болду. Улуттук сарайларды көргөн чет элдик турист саны 2018 -  жылдын ушул эле мезгилине караганда 48 пайыздык өсүү көрсөтүп, 120 миңден 178 миңге чыкты.

Зыяратчы санында эң көп кызыгуу көргөн Стамбул Долмабахче сарайын мурунку жылы 192 миң 142 киши көргөн болсо сарай бул жылдын биринчи үч айында 245 кишинин кызыгуусун тартты.

Стамбулдун Анадолу жагында эң көп конокту тосуп алган Бейлербейи сарайын зыярат кылгандардын саны болсо 25 миңден 27 миңге чыкты. Ыхламур сарайы болсо 2018 – жылдагыдай 19 миң киши менен тизмеде үчүнчү орунду алды.

Президент Р. Т. Эрдогандын 2019 -  жыл үчүн күткөн «50 миллион турист» максатына жетүү жолунда маанилүү ийгиликке кол койгон Улуттук сарайлар башкармалыгына караштууу тарыхый сарайларды 2018 -  жылы 1 миллион 430 миң жергиликтүү жана чет элдик турис келип көргөн.

 

 



Тектеш кабарлар