Түркия 31-март жергиликтүү шайлоолорун демократиялык жетилгендик менен өткөрдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын 31-март жергиликтүү шайлоолорун демократиялык жетилгендик менен өткөргөндөрүн белгиледи.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын 31-март жергиликтүү шайлоолорун демократиялык жетилгендик менен өткөргөндөрүн белгилеп, «Жыйынтыктар көрсөтүп тургандай, бул шайлоолордон Адилеттик жана өнүгүү партиясы катары кудум эле 2002-жылдын 3-ноябрындагы шайлоолордон бери кайра чоң айырма менен биринчи партия болуп чыктык»,-деди.
Жумхур өнөктөштүгүнүн өнөктөшү Улуттук кыймыл партиясы менен бирге өнөктөштүк жаатында да биринчи болгондорун баса белгилеген Эрдоган: «Жеңишке жетишкен жана жетишпеген шаар башчылыктары, албетте болсо керек. Улутубуздун баалоосу. Кабыл алынышы керек»,-деп айтты.
Улуттун эркинин дагы бир жолу жогорку катышуу катнашы менен үкөккө чагылышканын баса белгилеген Эрдоган, жыйынтыктарынын өлкөгө, улутка, шаарларга жана маалаларга пайдалуу болушун тиледи.
Президент Эрдоган, эми 2023-жылга дейре шайлоосуз мезгилге кирилгенин, алдыларында эми экономикалык реформалардын бүткөрүлүшү турганын айтты.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.