Түркия АКШнын Голан дөңсөөсү тууралуу чечимин айыптады

Түркия АКШнын президенти Трамптын Голан дөңсөөлөрүндөгү Израиль эгемендигин кабыл алуу чечимин катуу айыптады.

1170843
Түркия АКШнын Голан дөңсөөсү тууралуу чечимин айыптады

Түркия АКШнын президенти Трамптын Голан дөңсөөлөрүндөгү Израиль эгемендигин кабыл алуу чечимин катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «АКШ башкаруусунун Израиль тарабынан 1967 -  жылдан бери басып алынган Голан дөңсөөлөрүндөгү Израиль эгемендигин кабыл алуу чечимине каршы чыгып жана катуу айыптайбыз»,- деп билдирилди.

Маалыматта башта БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 497 номердүү чечими жана эл аралык мыйзамын маанилүү өлчөмдө бузууну камтыган чечимдин АКШ башкаруусунун Жакынкы Чыгышта чечүүчү жол эмес, маселенин бир бөлүгү болууга карата кыймылын уланткандыгын көрсөткөндүгү белгиленди.

Маалыматта бул сөздөргө орун берилди : «Бул чечим Сириянын жана бардык аймак өлкөлөрүнүн жеринин бүтүндүгүнө маани берген өлкөбүз жана эл аралык коомдун жоопкерчилик ээси мүчөлөрү жактан толугу менен баш ийдирүүчүлүгү жок. Израилдин эл аралык мыйзамга тескери кыймылдарын мыйзамдаштырууга аракет кылып аймакты дагы көп ыраатсыздыкка жетелегендин ордуна БУУнун шартында катталган негизги принциптерге жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин сактоо эл аралык коомдун бардык мүчөлөрүнүн негизги жоопкерчилиги».

АКШнын президенти Трамп кечээ «Голан дөңсөөлөрүндө Израилдин эгемендигин АКШнын расмий түрдө кабыл алгандыгын» жарыялаган президенттик чечимге кол койгон.



Тектеш кабарлар