Октай менен Чавушоглу Жаңы Зеландияга барат

Октай жана Чавушоглу, президент Режеп Таййип Эрдогандын буйругу менен бүгүнкү террордук кол салуусунда каза болгон 49 киши үчүн уюштурула турган жаназа зыйнатына катышат.

1164536
Октай менен Чавушоглу Жаңы Зеландияга барат

Президенттин орун басары Фуат Октай менен тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Жаңы Зеландияга барат.

Октай жана Чавушоглу, президент Режеп Таййип Эрдогандын буйругу менен бүгүнкү террордук кол салуусунда каза болгон 49 киши үчүн уюштурула турган жаназа зыйнатына катышат.

Бул учурда президент Эрдоган, Жаңы Зеландиянын мамлекет башчысы Патси Реддиге телефон аркылуу байланышып Крайсчерч шаарындагы 2 мечитте 49 киши кыргынга учуратылган, 48 киши да жаракат алган террордук кол салууларына бүтүндөй мусулмандардын атынан наалат айтканын билдирди.

Эрдоган телефондогу сүйлөшүүсүндө буларга токтолду: «Террористтин (кол салуудан мурда) жарыялаган манифести, мазмуну жагынан каралганда бул иштин жеке бир киши тарабынан жасалган кыймыл болбогонун ачык түрдө ортого салууда. Мунун артындагы террордук топтордун ачыкка чыгарылышы Жаңы Зеландияны олуттуу түрдө тынчтандырат».

Президент Эрдоган, орун басары Фуат Октай жана тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглун бир делегация менен бирге Жаңы Зеландияга жөнөтө турганын белгилеп: «Алар менен бирге жаңы жол картасын белгилөө жаатында кеңешүү өткөрсөңүз туура болот. Эркиндиктер өлкөсү Жаңы Зеландияга көлөкө түшүрүлүшүн каалабайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар