Кудстун тарыхый жана укуктук статусунун сакталышы тышкы саясатыбыздын алдыңкы пландарынан бири

Министр Чавушоглу, Европа өлкөлөрүндө кызмат кылган Палестинанын элчилери менен кеңешүү жыйналышына катышты.

1155873
Кудстун тарыхый жана укуктук статусунун сакталышы тышкы саясатыбыздын алдыңкы пландарынан бири

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Кудстун тарыхый жана укуктук статусунун сакталышы тышкы саясатыбыздын алдыңкы пландарынан бирөө. Бул, биз үчүн ыйык доо болуп саналат. Кудстагы адилетсиздикке эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруш үчүн ар түрдүү аракетти көрсөтүп жатабыз»,-деп айтты.

Министр Чавушоглу, Европа өлкөлөрүндө кызмат кылган Палестинанын элчилери менен кеңешүү жыйналышына катышты.

Тышкы иштер министри Чавушоглу, Газадагы адамзат ахлагына жатпаган курчоону уланткан Израилдин эки мамлекеттүү чечүүчү жолду процессстин тышында калтырууга карай зомбулук менен колдоого алынган зөөкүр акция жүргүзүп жатканын айтты.

Мевлүт Чавушоглу: «Өткөн жылы Израиль Парламентинде кабыл алынган жалган «Улут Мамлекет» мыйзамы да бул аң-сезимди чагылдырган мисал болду. Мындай түрдөгү аракеттердин диалог жана дипломатия жолу менен адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетүү максатыбызга көлөкө түшүрүүсүнө эч качан уруксат бере албайбыз. Израиль, мыйзамсыз иштерин көбөйткөн сайын биз эл аралык аренада тынчтык жана адилеттик үчүн дагы көп аракет жумшайбыз»,-деди.

Иранга карай санкцияларды да туура деп таппагандарын белгилеген Чавушоглу: «Ирандын ушундай түрдө бурчка такалышынын аймак үчүн да абдан кооптуу жана коркунучтуу болгонун ойлоодобуз»,-деп айтты.

 

 

 



Тектеш кабарлар