Американын аскерлерин чыгаруу процессинин системалуу жана координациялуу түрдө жасалышы керек

Мевлүт Чавушоглу, АКШнын борбор калаасы Вашингтондо 79 өлкөдөн өкүлдөр катышкан ДЕАШка каршы коалициянын тышкы иштер министрлеринин жыйналышынын ачылыш отурумунда сөз сүйлөдү.

1140339
Американын аскерлерин чыгаруу процессинин системалуу жана координациялуу түрдө жасалышы керек

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Сириядан террордук уюм ДЕАШ калдыктарын тазалоо жана Американын аскерлерин чыгаруу процессинин системалуу жана координациялуу түрдө жасалышы керектигин айтты.

Мевлүт Чавушоглу, АКШнын борбор калаасы Вашингтондо 79 өлкөдөн өкүлдөр катышкан ДЕАШка каршы коалициянын тышкы иштер министрлеринин жыйналышынын ачылыш отурумунда сөз сүйлөдү.

Чавушоглу, ДЕАШтын Иракта жеңилгенин жана Сирияда да тазаланып жактанын белгилеп: «Учурда эң маанилүүсү бул уюмдун кайрадан жандануусуна бөгөт болуу жана бул өлкөлөрдүн (Ирак жана Сирия) ырааттуулугуна жардам берүү. Эми бул апааттын негизги себептерин түшүнүү жана кайталануусунан алыс туруу керек»,-деп айтты.

Чавушоглу, АКШнын Сириядан чыгуу процессине да токтолуп: «ДЕАШтын калдыктарын тазалоо жана АКШнын чыгуу процесси системалуу жана координациялуу түрдө жасалышы керек. Террористтердин Сириянын жеринин бүтүндүгүн жана коңшуларынын улуттук коопсуздугун балталоо үчүн колдонула ала турган күч боштуктарынан алыс туруулары керек»,деген серебин салды.

Түркиянын Сирияда террор менен күрөшүүнүн алкагында фронтто күрөшкөнүн жана жүз миңдеген баш калкалоочунун тазаланган аймактарга кайтуусу камсыздалганын айткан Чавушоглу: «Түркия, Ирак жана Сириянын ырааттуулугуна жардам бериш үчүн бардык нерсени жасаганга даяр»,-деди.



Тектеш кабарлар